Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт


Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында болот.

Жарлыктын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясына эркин, адилет жана таза шайлоо өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырмасы берилди.

Өкмөткө шайлоону өткөрүүгө тийиштүү каражат бөлүү, шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүүдө мыйзамдуулукту сактоого шарт түзүү боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

Башкы прокуратурага шайлоого карата Кыргызстандын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоону камсыздоо милдети жүктөлдү.

Мындан тышкары жарлыкка ылайык, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө жардам бериши керек. (AzK)

XS
SM
MD
LG