Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Кыргызстандын айрым дарыяларында кооптуу кырдаал жаралууда


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында 25-июль күнү Баткен облусунун Лейлек районундагы Козубаглан дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, Өзгөрүш айылынын ичиндеги ички чарбалык көпүрөнүн оң жагын суу жууп, кооптуу абал түзүлгөн. Буга байланыштуу көпүрө аркылуу унаалар каттабай калды.

Мындан тышкары Чүй облусундагы Сокулук дарыясы ташып, “Ландыш” дачалык участогунда 7 турак үйдү жана “Строителде” 15 турак үйдү суу каптап кетүү коркунучу бар. Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл аймагында 7 электр мамычасын суу алып кеткен.

Маевка айылында 25-июлда эртең менен Ала-Арча суусунун деңгээли көтөрүлүп, Ала-Арча жана Виноградный көчөлөрүндө жайгашкан турак үйлөрдү суу каптоо коркунучу жаралган. Полевая көчөсүндө жайгашкан бир көпүрөнүн жартысын суу жууп кеткен. Ушул тапта тийиштүү техникалардын жардамы менен жээктерди бекемдөө, калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Ысык-Көлдүн Тоң районунда Тоң суусуна Ак-Сай жана Кара-Суу суулары кошулуп, деңгээли көтөрүлүп, суу 200 метр дамбанын 70 метрин жана 30 метр жол каттамын жеп кеткен.

Дарыялардагы суу ташкындары соңку күндөрү абанын температурасы жогору болуп, мөңгүлөрдүн эришине байланыштуу болууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG