Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Надежда Савченко Новочеркассктагы абакка жеткирилди


Надежда Савченко Новочеркассктагы №3 убактылуу тергөө абагына жеткирилди. Бул тууралуу Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Элла Памфилова билдирди.

Буга чейин Донецк шаардык сотунун маалымат катчысы Татьяна Диева украиналык аскер кызматкери Савчеконун иши боюнча материалдар сотко келип түшкөнүн билдирген. Сот процесси 30-июлда башталары кабарланууда.

Надежда Савченко Донбасста 2014-жылдын жай мезгилинде эки орус журналисттин өлтүрүлүшүнө катыштыгы бар жана чек арадан мыйзамсыз өткөн деп айыпталууда.

Савченко айыптарды четке кагып, аны Украинанын аймагында уурдап кетип, күч менен Орусияга алпарышканын билдирүүдө.

Савченко 25 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Aдам укугун коргоочулар анын коё берилишин талап кылып, ага карата иш саясий мотив менен жасалганын айтышат. (AzK)

XS
SM
MD
LG