Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Түркиялык догдурлар Бишкекте акысыз операцияларды жасашат


27-июль күнү Бишкекте «Кыргызстанда саламаттык аптасы» аттуу кыргыз-түрк медицина кызматкерлеринин биргелешкен иш-чарасы башталат. Түркиядан келген 23 догдур кыргыз хирургдары менен чогуу Кыргызстанда жасалышы оор болгон балдардын, жүрөк, кан тамыр оорулууларын, нейрохирургиялык, пластикалык жана гинекологиялык операцияларды ишке ашырышат. Ошондой эле хирургия жаатында мастер-класстар өткөрүлмөкчү.

Бардык операциялар акысыз болуп, дары-дармек жана башка каражаттарды Түркия камсыздайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын ачылышына министр Талантбек Батыралиев жана Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Мехмет Рыфат Көсе катышат. Иш-чара 1-августка чейин уланат. (BCh)

XS
SM
MD
LG