Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:36

Кенияда иш сапары менен болгон АКШнын президенти Барак Обама жекшембиде өлкө жашоочуларын коррупцияга менен кескин күрөшүү, терроризмге каршы туруу жана аял укуктарын сактоо аркылуу өнүгүү жолун тандоого чакырды.

Обама кениялык коомчулукта коррупциялык көрүнүш калыптанып калганын сынга алып, эски адаттарды чукул жок кылып, өлкөнү артка тартып жаткан паракорчулукту жоюу керектигин белгиледи.

"Кениялыктар үчүн коррупция – 250 адамдык жумуш орун. Өлкөдө жарандар бир жылда берген паранын акысына ушунча иш ордун түзүп койсо болот", - деди АКШнын президенти. Америкалык лидер ошондой эле өлкө бийлигин кыздардын билим алуусуна шарт түзүп, аялдарга карата зомбулукту азайтууга чакырып, мажбур түрдө нике кыюу жана аялдарды сүннөткө отургузууну сынга алды.

Обама өлкөдө бир нече чабуулдарды уюштурган "Аш-Шабааб" исламчыл радикалдык кыймылы менен күрөшүүдө АКШ Кенияга жардам кыларын кошумчалады.

Барак Обама Кенияга иш сапар менен келген АКШнын биринчи президенти болуп калды. Ал андан ары Эфиопияга сапар тартат. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG