Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:57

Британ палатасынын вице-спикери маңзат колдонгону аныкталды


Sun басылмасы британ парламентинин лорддор палатасынын вице-спикери Жон Сьюэлдин сойкулардын арасында маңзат чегип жаткан сүрөтүн жарыялары менен Британияда саясий чуу чыкты. Гезит жарык көрөөрү менен Сьюэл кызматтан чегинди.

Сьюелдин маңзат чегип, кыздар менен шапар тээп атканы парламенттен алыс эмес батиринде жашыруун камерага тартылган. Видеого ал эки жылаңач сойкуга акча кыстарып, алардын көкүрөгүнөн кокаин жыттап отурганы түшүп калган.

Лорддор палатасынын спикери Ааронесса Дсуза орун басарын сынга алып, анын иши жана видеосу полиция тарабынан тыкыр иликтенет деп ишендирди.

Жон Сьюэл Лорддор палатасында жүрүм-турум жана этика комитетин жетектечү. Лорд титулун ага премьер-министр Тони Блэрдин сунушу менен ханыша берген. Төрт баланын атасы, 69 жаштагы Сьюэл үчүнчү жубайы менен жашачу. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG