Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:15

Баткен: Көк-Ташта кырдаал тынч


Тажикстандын Чорку айылы менен чектешкен Көк-Таш айылында кырдаал тынч, эл күнүмдүк жашоосуну улантып жатканын "Азаттыкка" аталган айылдын башчысы Разия Өсөрова билдирди. Анын айтымында, көкташтыктар өткөн ишемби күнү айтылган талаптар өкмөттөр аралык чек ара маселеси сүйлөшүлгөндө талкууланарын күтүшүүдө.

Ишемби кечке жуук Тажикстандын Чорку айылы менен Баткен районунун Көк-Таш айылы чектешкен аймакта эки тараптан тең 100дөй киши топтолгон. Кыргыз тараптан топтолгондор мурдараак Тажикстан Көк-Таш айылынын көрүстөнүнө барчу жолду жаап салганына нааразы болушуп, тажик айылына барчу сууну бууп салган. Суусу токтоп калган Тажикстандын Чорку айылынын тургундары Кыргызстандын аймагына суу куурларын жаткыра баштаганда эл нааразы болуп чогулган.

Ошол эле күнү аймакта Баткен районунун акими менен Тажикстандын Исфара районунун акими жолугуп, ал жердеги чогулган элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. (JsA/ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG