Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:35

Стамбулдагы башаламандык учурунда полициячы өлтүрүлдү


Стамбулдагы башаламандыктар бир аптадан бери уланууда
Стамбулдагы башаламандыктар бир аптадан бери уланууда

Үч күндөн бери уланып жаткан нааразылыктардын жүрүшүндө түрк полициясынын офицери Мухаммед Фатих өлтүрүлдү. Ал исламчыл радикал активисттерди кармоо убагында өлгөнү айтылууда.

Стамбулда башаламандыктар жума күнү түрк полициясы “Ислам мамлекети” террордук тобунун мүчөлөрүн кармоо үчүн жасаган операциясынан кийин башталган.

Аталган операциянын алкагында түрк полициясы өлкөнүн Стамбулдан башка 16 провинциясында рейд жүргүзүп, террордук топторго байланышы бар деген шек менен 300гө чукул кишини кармады.

Полициянын операциялары Түркиянын Сирия менен чектешкен Суруч аймагындагы жардыруудан кийин башталган. “Ислам мамлекети” террордук тобу айыпталып жаткан бул жардырууда 32 киши набыт болгон эле.

XS
SM
MD
LG