Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:30

ГЭСтерди курууга кошумча 1 миллиард рубль бөлүнөт


Бул тууралуу “Русгидро” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Евгений Дод 25-июлда президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, эми Кыргызстанда энергетикалык объекттердин курулушу толук кандуу жүрө баштайт жана биринчи эки станция өз убагында бүткөрүлөт.

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Нарын каскадындагы гидроэлектростанциялардын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу курулушу зарылдыгын белгилеп, бул өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууда зор мааниге ээ экендигин белгиледи.

2012-жылкы келишимге ылайык, Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадын Орусиянын "Русгидро" ишканасы куруп жаткан. Төрт жылдын аралыгында алгачкы каскад ишке кирип, электр энергиясын бөлүп чыгаруу каралган болчу. Долбоор боюнча төрт каскад курулмак.

Буга чейин кыргыз өкмөтү "Русгидро" компаниясы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу иштерин каржылабай жатканын айтып, курулуш мөөнөтүнөн кеч калганын айтып чыккан.

Жогорку Нарын ГЭСтерин куруу үчүн алгач 400 миллион доллар сарпталары маалымдалганы менен бир жылдан кийин анын баасы 727 миллион долларга өскөн. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG