Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

“Кеңбулуң-автожол” өткөрүү пунктунда курал жана октор табылды


Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, “Кеңбулуң-автожол” өткөрүү пунктунда чек ара наряды бир тапанча, 98 даана ок табышты. Алар Казакстандын жараны айдап бараткан Subaru Forester үлгүсүндөгү машиненин ичин текшерүү маалында чыккан.

Кармалган жаран Кыргызстандан Казакстанга чыгып кетүүгө ниеттенген. Тийиштүү документтер толтурулган соң ал тартип коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. (AzK)

XS
SM
MD
LG