Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:28

ИМдин видеокайрылуусу боюнча иликтөө иштери башталды


Бул тууралуу “Азаттыкка” УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

25-июлда YouTube сайтында тогуз мүнөттүк видеокайрылуу чыккан. Анда белгисиз адам кыргыз тилинде "Ислам мамлекети" радикал тобуна кошулууга үндөгөндүгү айтылат. Бирок YouTube каналы видеону алты сааттан соң алып салгандыгын интернет сайттары жазып чыгышкан.

Мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов диний экстремисттик жана террористтик уюмдар Фергана өрөөнүнө от жагууну көздөп жүргөндүгүн, соңку видеокайрылуу ошол аракеттердин алкагында жасалган кадам болушу мүмкүндүгүн билдирген.

16-июлда Бишкекте куралдуу топту кармоо учурунда төрт адам өлтүрүлүп, жетөө колго түшкөн. УКМК алар “Ислам мамлекети” террордук тобунун мүчөлөрү болгон деп билдирген. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Максат Кунакунов бул топ менен байланышы бар, аларга акчалай жана курал-жарактан жардам берип турган деген шек менен 20-июлдун таңында “Манас” аэропортунан кармалган.(AzK)

XS
SM
MD
LG