Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Муфтият радикализмди алдын алуу багытында иштерди жүргүзөт


Кыргызстандын муфтийи Максат Токтомушевдин “Азаттыкка” билдиришинче, ушундай "Ислам мамлекети" террордук тобунун кыргыз тилиндеги видеокайрылуусу өңдүү чагымдардан элди оолак кылуу үчүн имамдар арасында салттуу динди жайылтып, радикализмди алдын алуу чараларын көрүү боюнча тапшырмалар берилди.

Диний эксперт Кадыр Маликов азырынча бул видеокайрылуу Кыргызстанда жасалган деп айтуу мүмкүн эмес экендигин, бирок анын кыргыз тилинде даярдалганы опурталдуу көрүнүш экендигин белгиледи.

25-июлда YouTube сайтында тогуз мүнөттүк видеокайрылуу чыккан. Анда белгисиз адам кыргызстандыктарды кыргыз тилинде "Ислам мамлекети" радикал тобуна кошулууга үндөгөндүгү айтылат. Бирок YouTube каналы видеону алты сааттан соң алып салгандыгын интернет сайттары жазып чыгышкан.

Ушул тапта УКМК бул кайрылуунун чоо-жайын иликтей баштады. (AzK)

XS
SM
MD
LG