Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

Түштүк Кореяда кыргызстандык беш балага операция жасалат


Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын билдиришинче, 28-июлда тубаса жүрөк кемтиги оорусу менен ооруган беш бала Түштүк Кореяга жөнөтүлөт. Ооруканада дарылануу, жол кире жана башка чыгымдарды Түштүк Кореянын Гил ооруканасы көтөрөт.

Гил ооруканасы беш жылдан бери кыргызстандык наристелерге жардам берип келет. Бул убакыт аралыгында тубаса жүрөк кемтиги бар кыргызстандык 26 балага операция жасалган. Оорукананын өкүлү Жо Жонг Вондун айтымында, алар жүрөк ооруга чалдыккан баласы бар аз камсыз үй-бүлөлөрдү колдоо максатын көздөшөт.

Бүгүн саламаттык сактоо министри Талант Батыралиев Гил ооруканасынын өкүлү Жо Жонг Вон менен жолугуп, ага “Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери” төш белгисин тапшырды. (AzK)

XS
SM
MD
LG