Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Бакуда укук коргоочулар Лейла жана Ариф Юнустун соту башталды


Адам укугун коргоочу Лейла Юнус. 2013
Адам укугун коргоочу Лейла Юнус. 2013

Сотко өкмөтчүл АРА жаңылыктар агенттиги менен virtualaz.org сайтынын кабарчылары гана киргизилип, башка журналисттер жана чет элдик дипломаттык миссиялардын өкүлдөрү залдан чыгарылды.

59 жаштагы Лейла жана жолдошу, 60 жаштагы Ариф Юнус "мамлекетке чыккынчылык кылган", "салык төлөгөн эмес", "жасалма документтерди пайдаланып акча уурдаган", "мыйзамсыз ишмердүүлүк менен алектенген" деп айыпталууда.

Лейла Юнус Бакуда расмий катталбаган Тынчтык жана демократия институтунун директору. Ал камалганга чейин армениялык адам укугун коргоочулар менен бирге элдик дипломатияны өнүктүрүүгө аракеттенип жаткан.

Ариф Юнус негизинен Тоолуу Карабак чатагын изилдеген тарахчы-илимпоз.

XS
SM
MD
LG