Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

АКШ Өзбекстандын аракетин оң баалап, Беларусту "төмөндөттү"


Өзбекстан. Пахта теримде жүргөн мектеп окуучулары тамактанышууда. 6-ноябрь 2014
Өзбекстан. Пахта теримде жүргөн мектеп окуучулары тамактанышууда. 6-ноябрь 2014

АКШ Адам аткезчилиги боюнча жылдык докладды жарыялады. Докладда дүйнөнүн 188 өлкөсүндө аялдарды сексуалдык кызматтарга сатуу жана балдардын эмгегин пайдалануу изилденген.

Расмий Ташкенттин балдарды пахта теримге пайдаланууну токтотуу аракеттери докладда оң бааланып, Өзбекстан эң төмөнкү “3-тизмеден” “2-тизмеге” чыгарылган. Беларус, тескерисинче, “2-тизмеден” “3-тизмеге” түшүрүлгөн. Анын себеби докладда 2014-жылы Беларус адам аткезчилигине каршы чечкиндүү күрөшпөгөнү менен түшүндүрүлөт.

АКШ мамкатчысы Жон Керринин 27-июлда жарыяланган докладды коштогон катында “адам аткезчилиги инсандын насил-наркын кемсинтет жана эркиндигине шек келтирет” деп айтылат.

XS
SM
MD
LG