Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:01

Шайлоочулардын тизмеси такталууда


Биометрикалык каттоодон өтүп, бирок өзүн шайлоочулардын тизмесинен таба албай калган жарандар чыгууда. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрага орун басары Дастан Догоевдин маалыматы боюнча, жарандарды биометрикалык каттоо эки даректин негизинде: туруктуу катталган жана жашап жаткан жери боюнча жүргүзүлгөн. Анын айтуусунда ушул тапта түрдүү булактардан: БШКнын тизмесинен, жергиликтүү органдардын жана мамлекеттик каттоо кызматынын базасынан шайлоочулардын тизмесин тактоо иштери жүрүп жатат.

Догоевдин маалыматына караганда, ар бир жаран тизмеге туруктуу катталган жери боюнча киргизилет, эгер шайлоочу башка жактан добуш бергиси келсе, анда ал БШКга арыз менен кайрылууга тийиш.

27-июлдан тартып Кыргызстанда шайлоочуларды биометрикалык маалыматтары боюнча идентификациялоо башталган. Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, жергиликтүү бийлик менен кошо үч күндүн ичинде Баткен облусундагы шайлоочулардын тизмеси такталат. Июль айынын аягында айыл аймактарынын башчылары шайлоочулардын толук тизмесин түзүп, аны Мамлекеттик каттоо кызматына жиберүүгө милдеттендирилген. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG