Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:40

Жолду тосууну уюштургандар административдик жазага тартылды


Бозумчак кенине кеткен жолду тоскондорду уюштурган делген төрт киши административдик жазага тартылды. Жалал-Абад олустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, аларга 3 миң сомдон айып пул салынды.

24-июлда Бозумчакка жакын жашаган жергиликтүү эл кенге кеткен жолду бууп салышкан. Жол тоскондор Бозумчак кенин иштеткен “Казакмыс Голд Кыргызстан” компаниясы элдин талабын аткарбай жатканын айтып, 70% жергиликтүүлөрдү жумушка алууну, жолго асфальт төшөөнү, экологиялык эрежелерди сактоону талап кылышкан.

“Казакмыс Голд Кыргызстан” Ала-Бука районундагы Бозумчак кенин иштетүү максатында 2007-жылы андагы 260,4 гектар жерди өкмөттөн 19 жылга келишимдин негизинде алган. Учурда кен байлыктарын кайра иштетүүчү комбинатта 730 адам иштейт. (AzK\RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG