Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:28

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев элге кайрылды


Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Максатбек ажы Токтомушев кыргыз элине кайрылуу жасады. Муфтий өлкөдө дин эркиндиги бар болгонуна, мамлекет башындагы адамдар намаз окуп, орозо кармаган, ажы-умра кылган адамдар экенине шүгүр кылууга чакырган. Ошондой эле ал өлкөдөгү диний баалуулуктарды, улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен бирге элдин бүтүндүгүнө, мекендин тынчтыгына, мамлекеттин туруктуулугуна, өнүгүп-өсүүсүнө биргелешип салым кошууга чакырган. Мындан тышкары тынчтык үчүн ынтымакта, улутка-урууга бөлүнбөй, ар кандай чагым иш-чараларга азгырылбай, сабырдуулукка, такыбалыкка, күнөөдөн сактануу менен жашоого үндөгөн.

“Жалпы адамзаты жана жан-жаныбарлар үчүн эң зарыл нерсе бул - тынчтык. Тынчтык болсо баары жакшы болот. Согуш болсо баары жаман болот” деп белгилеген муфтий учурдагы түрдүү чагымдар тынч элди дүрбөлөңгө салуучу, кан төгүүчү иштер экенин белгилеп, түрдүү согушчул агымдардын интернет аркылуу чакырган чакырыгына азгырылбоого, момундарды чабыштырган дин душмандарынын курмандыгына айланбоого, башаламандыкка жол бербөөгө чакырган.

Муфтий кайрылуусунда “ислам бул “террор” эмес, ал эми террордук жардыруу исламдын “пейилинен” эмес” деп белгилейт.

25-июлда кыргызча сүйлөгөн белгисиз адамдын жихадга чакырган кайрылуусу интернетке жарыяланган. YouTube сайтына жайгаштырылган тогуз мүнөттүк видеокайрылуу жарыялангандан алты сааттан кийин алып салынган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Ички иштер министрлиги видеодогу адамдын тек жайын, тасма кайсы жерде тартылганын тактап жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG