Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Исфаранын жээгин кыргыз-тажик тарап чогуу бекемдеп жатат


Баткендин Самаркандек айылдык аймагына караштуу Паскы-Арык айылында 21-июлда Исфара дарыясындагы суунун көлөмү көтөрүлүп, Паскы-Арыкка барчу ички каналдын башын суу бузуп кеткен. Канал Тажикстандын Исфара районуна караштуу Чорку айылы аркылуу Паскы-Арык айылына өтөт.

Паскы-Арыкка барчу ички каналдын суу жеп, бузуп кеткен жерине 9 каттам чоң таштар ташылып, дарыянын жээги бекемделип, каналга суу берилди. Ал жерде Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бир автокран жана Тажикстандан төрт самосвал тартылды. Бул күндөрү Исфара дарыясында суунун көлөмү 81,5 м3/с, максималдуу суу өткөрүмдүүлүгү 197м³/с болуп жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG