Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Оксана Малеваная боюнча кылмыш иши сотко өттү


Башкы прокуратуранын билдиришинче, Президенттик катчылыктын мурдагы башчысы Оксана Малеваная боюнча кылмыш иши сотко жөнөтүлдү.

Аталган кылмыш иши “Учкун” ачык акционердик коомунун имаратынын 15-16-кабаттарын мыйзамсыз бөлүп алуу фактысы боюнча козголгон. Аталган имарат Бишкек шаардык мэриясынын токтому менен мамлекеттин коргоосундагы тарыхый, маданий жана архитектуралык эстеликтердин категориясына киргизилген.

2006-жылдын 26-июнунда “КООРТ” ЖЧК Бишкектин район аралык сотуна кайрылып, “Учкун” акционердик коомун негиздөөчүлөрдүн курамына киргизүү жөнүндөгү келишимдин ишке ашканын таануу жана келишимди кыймылсыз мүлккө укукту каттоо кызматынан каттоодон өткөрүүнү өтүнгөн.

Соттук териштирүүдө “КООРТ” ЖЧКнын башкы директору Малеваная менен “Учкундун” директору Абыкеевдин ортосундагы тынчтык келишими түзүлгөн. Ага ылайык, аталган имараттын 15-16-кабаттары “КООРТтун” менчигине өткөрүлгөн жана бул келишим район аралык сот менен бекитилген. Андан кийин 2007-жылдын 18-апрелинде “КООРТ” сатып алуу жана сатуу келишиминин негизинде мүлктү “Бешинчи канал” жабык акционердик коомуна 1,8 миллион сомго саткан. Бирок курулуш-техникалык экспертизанын тактыктамасына ылайык, имараттан бөлүнүп алынган жайдын баасы 6 миллион 713 миң 986 сом болгон.

Ушул тапта кылмыш иши Октябрь райондук сотунун кароосунда жатат. Айып Кылмыш кодексинин 166-беренеси (шылуунчулук) жана 221-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянат пайдалануусу) боюнча коюлуп жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG