Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Абакта кылмыштуу топ мүчөлөрүн радикалдардан бөлүүчү мыйзам чыга элек


Түрмөлөрдө диний радикалдарды кылмыштуу топ мүчөлөрүнөн бөлүп кармоо боюнча мыйзамдык мүмкүнчүлүк азырынча жок. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Молдалиевдин айтымында, кылмыштуу топтор менен радикалдардын жуурулушуу тенденциясы байкалууда, бирок түрмөлөрдө экстремисттер көп эмес. Ошентсе да коркунучтарды алдын алуу максатында абак жайларга аптасына бир жолу аалымдарды жиберип, дин жана ыйман тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү муфтиятка сунушталууда.

Буга чейин диний эксперт Кадыр Маликов абактар радикалдык идеяларды таратууга ыңгайлуу жай болуп жатканын белгилеп, террорчул-экстремист деп камалгандарды башка айыпкерлерден бөлүп кармоону сунуштаган. (AzK)

XS
SM
MD
LG