Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:41

Казакстанда террорчуларга кошулууга үгүттөгөн аял кармалды


"Казакстандык жихадчы балдар". “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жарыялаган видеодон тартып алынган сүрөт (Daily Mail гезити жарыялаган)

"Казакстандык жихадчы балдар". “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жарыялаган видеодон тартып алынган сүрөт (Daily Mail гезити жарыялаган)

Чыгыш Казакстан облусунун Зыряновск шаарында эл аралык терроризмди ташбыйкаттады деп шектелген аял кармалды. Улуттук коопсуздук комитетинин 29-июлда билдиришинче, ал жергиликтүүлөрдү эл аралык террорчулар тарабында согушуу үчүн жалдаган. Анын үйүнөн “тыюу салынган экстремисттик адабияттар, диний жек көрүүчүлүккө шыктандырган видео жана аудиоматериалдар табылган”.

Билдирүүдө террордук уюмдун аты маалымдалбайт.

Ирак жана Сирияда “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун катарында жүздөгөн казакстандык жарандар согушуп жүрөт. Буга байланыштуу расмий Астана тынсыздануусун билдирген.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG