Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:54

Орусия учактын кыйрашы боюнча трибунал түзүү резолюциясына вето койду


БУУнун Коопсуздук кеңешинде каралган резолюцияга кеңештин туруктуу беш мүчөсүнүн үчөө, ал эми утурумдук 15 мүчөсүнүн 11и “макул” деп добуш беришкен. Добуш берүүдө туруктуу мүчө Кытай менен утурумдук Ангола жана Венесуэла калыс калышты.

29-июлда орус президенти Владимир Путин “Боинг” учагынын кыйрашына байланыштуу трибунал түзүү резолюциясына каршы чыккан эле. Ал Нидерландиянын өкмөт башчысы Марк Рют менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө бул демилгени шашмалык деп атап, иликтөө саясатташып кеткенин билдирген.

Өткөн жылы Донецктин үстүнөн учуп баратканда атып түшүрүлгөн малайзиялык жүргүнчү ташуучу учакка байланыштуу трибунал түзүү резолюциясы Малайзия тарабынан сунушталган. Аны Нидерландия, Австралия, Бельгия жана Украина колдогон.

Эл аралык иликтөөнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча учак Украинадагы орусиячыл жикчилдер тарабынан атып түшүрүлгөн. Андагы 298 кишинин баары өлгөн.

XS
SM
MD
LG