Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:29

Швейцария шайлоо өткөрүүгө кошумча каражат бөлөт


Швейцария “Кыргызстанда шайлоо жараянында демократиялык процедураларды бекемдөө” долбоорун ишке ашыруу үчүн кошумча 600 миң франк (30 миллион сомго жакын каражат) бөлөт. Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашкандай, бул акча автоматташтырылган кутулар жана биометрикалык жабдуулар менен иштей турган операторлорду окутууга жумшалат. Окутууну ПРООН жүргүзөт.

Буга чейин шайлоого аталган өлкө 1,8 миллион франк каражат берген. Жалпысынан Кыргызстанга берилген жардам каражаттын суммасы 2,4 миллион франкты түзөт. Долбоор өлкөдө шайлоо жараянын реформалоого салым кошуу максатын көздөйт. (AzK)

XS
SM
MD
LG