Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:23

Ош: мечит имамдары толук маяна алышпайт


Ош облустук казыятынан маалымдашкандай, "Ыйман" фонду 3-4-июнда өткөргөн аттестациянын жыйынтыгы боюнча, Ош облусундагы 182 ири мечиттин имамдары арасынан 56 имам маяна албай келгендиги аныкталды.

Маяна албаган 56 имамдын ичинен 18инин документиндеги кемчиликтерден улам банктан эсеп ачылбай калган. Ал эми маяна алууга акылуу болгон 38 ири мечиттин имамдары ар кандай себептер менен аттестацияга катышпай калышкан. Учурда алар аттестациянын экинчи этабына даярданып жатышат.

Ушул тапта 126 мечитте иштеген имамдар 4800 сомдон айлык алып жатат.

Августта боло турган аттестациянын экинчи этабына облустагы 680 мечиттин имамдары документтерин даярдоодо. Ош облусунда жалпы 822 мечит бар. (YI)

XS
SM
MD
LG