Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

“Ата Мекен” партиясы КТРК менен ЭЛТРди сотко берет


Партиянын лидери Өмүрбек Текебаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, 29-июлда эки телеканалда тең партияны бир жактуу каралаган телеберүүлөр көрсөтүлгөн. “Ата Мекен” муну партияны жаман көрсөтүү аракети катары баалап, эки телеканалдын ар бирине 2 миллион сомдон доо койгону жатат.

Ушу тапта даярдалып жаткан арыз сотко 3-августта берилет деп билдирди партия лидери. КТРКнын жетекчи орун басары Калыбек Асылбашев мигранттардын кайрылуусунун негизинде көрсөтүлгөн материалды бир жактуу дегенге кошулбастыгын, сотко арыз түшмөйүн кеңири комментарий берүү эртелик кыларын билдирди.

ЭЛТР телеканалынын жетекчи орун басары Айбек Мусаев да эфирден кеткен материалда каралоо максаты жок, тең салмактуу даярдалган деп билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG