Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Бир катар өлкөлөр Орусияга каршы санкцияны узартууну колдоду


Украинадагы соңку окуяларга байланыштуу Орусияга каршы Европа биримдигинин экономикалык санкцияларын узартуу боюнча чечимди Албания, Исландия, Лихтенштейн, Черногория, Норвегия жана Украина колдоду. “Евроаймак бул чечимди көңүл чордонуна коюп, милдеттеме алат”, - деп айтылат Брюсселдин билдирүүсүндө.

Орусияга каршы жазаналар 2016-жылдын 31-январына чейин узартылды. Мындай чечимди Европа кеңеши 22-июнда кабыл алган. Санкциялар Орусиянын финансылык, энергетикалык жана аскер-өндүрүштүк тармактарына тиешелүү.

Санкцияларды колдогондордун ичинен Албания менен Черногория ЕБге кирүүгө талапкер өлкөлөр. Исландия, Лихтенштейн жана Норвегия болсо эркин соода жүгүртүү боюнча Европа Ассоциациясына кошулган. ЕБ менен Украина ортосунда ассоциациялык макулдашуу бар.

Брюсселде маалым болгондой, аталган алты өлкө менен Грузия Орусия Крымды аннексиялагандан кийин киргизилген санкцияларды эмдиги жылдын 23-июнуна чейин узартуу демилгесин колдошту. Мындай демилгени Сербия менен Македония колдогон жок. (ErN)

XS
SM
MD
LG