Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:55

"Талибан": Омардын ордун Мансур бастыбы?


Исламабад 31-июлга белгиленген Кабул менен “Талибан” кыймылынын өкүлдөрүнүн тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы кийинкиге калганын билдирди. Ал ортодо Ахтар Мохаммад Мансур ооган талиптеринин жаңы лидери болуп шайланганы кабарланды.

30-июлдагы расмий Исламабаддын билдирүүсүндө Молдо Омардын өлгөнү жөнүндө Кабулдун бир күн мурдагы жарыясы күтүүсүз болгонун жана сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы ооган талибдердин өтүнүчү менен кийинкиге калганы айтылат.

Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүл Кази Халиллах:

- Өзүңөр билгендей, Пакистан Кабул менен “Талибан” кыймылынын ортосундагы элдешүү процессине көмөктөшүп, тынчтык сүйлөшүүлөрүн уюштуруп келген. Азыр дагы ооган бийлиги менен “Талибандын” ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасын өткөрүүгө аракет кылып жатабыз.

Ал арада “Рейтерс” жана “Ал-Жазира” агенттиктери ооган талиберинин командирлерине шилтеме жасап, “Талибандын” жогорку даражадагы активисттери бейшембиде чогулуп, ооган талиптеринин жаңы лидери катары Ахтар Мохаммад Мансурду шайлашканын жазып чыгышты.

Ахтар Мансур Пакистанда 7-июлда өткөн ооган бийликтери менен талиптердин жолугушуусуна катышкан. Талибдердин өкүлү Муджахид Забулла молдо Омар оорудан улам мерт кеткенин тастыктаса, Ооганстандын коопсуздук боюнча улуттук башкармалыгынын билдирүсүүндө Омар “табышмактуу жагдайда” өлгөнү айтылат.

Ооганстандын Улуттук коопсуздук боюнча кеңеши “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна Молдо Омардын ордуна Молдо Ахтар Мансур дайындалганы боюнча маалыматы жоктугун билдирди.

Ал учурда пакистан бийлиги расмий Кабул тараткан “Молдо Омар Пакистандын Карачи шаардык ооруканасында өлдү” деген маалымат иликтенип жатканын билдирди.

Майдан бери "Талибан" кыймылы Ооганстандын чыгышындагы бир катар райондорду басып алды.
Майдан бери "Талибан" кыймылы Ооганстандын чыгышындагы бир катар райондорду басып алды.

Тынчтык сүйлөшүүлөр кийинкиге калганын жарыялаган соң Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Кази Халиллах “Ооганстандагы тынчтыкты орнотуу максатында "Талибандардын" жаңы жетекчилиги сүйлөшүүлөргө катышууну улантат” деп үмүттөнүп турушканын билдирди.

- Биз азыр сүйлөшүүлөрдүн жеңил өтүшүн көздөп жатабыз жана бул жөн эле сөз эмес. 7-июлдагы жолугушуу Пакистан аймагында өткөнүн билесиңер, эми биз сүйлөшүүнүн экинчи айлампасын да өткөрүүнү пландап жатабыз.

Кази Халиллах “тынчтык сүйлөшүүлөрдү бузабыз” деген ниеттеги “Талибандан” бөлүнүп чыккан майда топтор өз максаттарына жетпей турганын айтты. Медиа каражаттар болсо тынчтык сүлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы жакынкы убакта Кытайда же Пакистанда өтөт деп жазып жатышат.

Ал арада саясий серепчи Гарун Мир “Рейтерс” агенттигине буларды айтты:

- "Ислам мамлекети” радикалдык тобу азыр “Талибан" үчүн да чоң коркунуч туудуруп жатат. Алар Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясындагы айрым райондордон талиптерди сүрүп чыгышты. Бул дагы тынчтык сүйлөшүүлөргө өз кедергисин тийгизиши мүмкүн. Ошондой эле “Талибандын” бардык мүчөлөрү тынчтык сүйлөшүүлөрдүн өтүшүнө макул эмес деп ойлойм. Каршы чыккандар “Ислам мамлекетине” кошулуп кетиши мүмкүн.

Талибдердин жаңы шайланган лидери Ахтар Мохаммад Мансур Шах Мохаммед “Талибан” кыймылында бир топтон бери маанилүү орундарды ээлеп келет. 2006-жылы Пакистандан абактан бошонуп Ооганстанга келген.

Улуттар уюмунун маалыматына караганда, 2007-жылдан бери Молдо Мансур маңзат соодасы менен алектенет. Ооганстанды “Талибан” кыймылы башкарып турган кезде ал Кандагар чөлкөмүнүн губернатору, кийин Жарандык авиация жана транспорт министри болуп иштеген.

2009-жылы Ахтар Мансур “Талибандын” аскерий канатынын жетекчилигине келген, бир жылдан соң кыймылдын Жогорку кеңешинин төрагалыгына шайланган.

Советтик аскерлер Ооганстандан чыгарылгандан кийин Молдо Омардын жетекчилиги алдында талиптер өлкөдөгү куралдуу майда топторду жеңип бийликке келген. Кийин Омар “Ал-Каиданын” лидери Усама бин Ладен менен бириккен. Нью-Йоркто болгон 11-сентябрдагы теракттардан соң АКШнын Мамдепартаменти молдонун башы үчүн 10 млн. доллар акча сайгандан бери изин билдирбей жүргөн.

Соңку бир нече жылдын ичинде “Талибан" кыймылы Молдо Омардын атынан бир нече билдирүү таратканы менен өзүн эч ким көргөн эмес. Соңку билдирүү июль айынын ортосунда жарыяланып, анда Омар талиптер менен ооган бийлигинин ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн колдорун билдирген.

Молдо Омар эл алдына 2002-жылдан бери чыга элек болчу. Бул жумада ооган басылмалары ал эки жыл мурда эле өлгөнүн жазып чыгышты. Пакистан маалымат каражаттары бул имиштер Исламбадда өкмөт жыйынында да талкууланганын кабарлашты.

XS
SM
MD
LG