Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:57

"Коопсуз шаар" долборун ИИМ өзү ишке ашырат


Бул тууралуу ички иштер министр Мелис Турганбаев бүгүн Чүйдө Жол-кайгуул бекеттерин текшерүү учурунда билдирди. Анын айтымында, быйыл Бишкек-Ысык-Көл жолу 70 пайыз видео көзөмөл камера менен камсыз болду. Ушул тушта Чүйдө Бишкек-Ош жолундагы бекеттерге орнотулуп жатат.

"Жакында Бишкекте 50 көчө кесилишке камералар коюлат. Бул өз убагында жол коопсуздугун жакшыртууга, кылмыштардын бетин ачууга өбөлгө болот. Тендер өткөрүп, инвестор күтпөй, ага байланыштуу сот иштерине карабай "Коопсуз шаар" долбоорун өз күчүбүз менен ишке ашыра берүүнү чечтик. Молдовалык кесиптештер программалык камсыздоо боюнча жардам бермей болушту", - деди Турганбаев.

Бирок ички иштер министри Мелис Турганбаев “Коопсуз шаар” боюнча тендер өткөрүүдө ири коррупциялык схемалар ачыкталганын, маселени көз боёмочулукка жол бербей чечүү зарылдыгын белгилеген.

“Коопсуз шаар” долбооруна болжол менен 43 миллионго жакын доллар керек. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG