Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:59

Айып пулдун 25% Жол-кайгуул кызматына бөлүнө элек


Бул тууралуу ички иштер министри Мелис Турганбаев Сосновкада Жол-кайгуул кызматынын бекетин текшерүү учурунда билдирди. Анын айтымында, жол эрежелерди бузгандардан түшкөн айып пулдун 25 пайызын Финансы министрлиги Жол-кайгуул кызматына бөлүп бербей жатат. Бул каражат аталган кызматтын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кызматкерлердин маянасын көтөрүүгө жумшалмак.

Былтыр жарым жыл ичинде бюджетке Жол-кайгуул кызматы тарабынан 79 миллион сом, быйыл жыл башынан бери 197 миллион сом айып акча төгүлгөн.

Турганбаев бүгүнкү күндө Жол-кайгуул кызматын оңдоо боюнча сунуштар өкмөткө даярдалып жатканын, бирок азыркы шарт жана абал чоң өзгөрүүлөргө мүмкүнчүлүк бербей турганын, акырындап жакшыртуу иштери жүрөрүн белгиледи.

Буга чейин премьер-министр Темир Сариев ИИМ коллегиялык жыйынында министрге МАИ кызматын реформалоо боюнча программаны даярдап чыгуу үчүн он күн убакыт берген. (AzK/EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG