Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:17

Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканага кайрылгандардын саны өстү


Бул тууралуу “Азаттыкка” бейтапкананын башкы дарыгери Гүлнура Минбаева билдирди. Анын айтымында, Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар шаарчасында жайгашкан республикалык психиатриялык ооруканада жаткандардын саны жарым жыл ичинде өткөн жылдарга салыштырмалуу 118 кишиге көбөйгөн.

Быйыл ооруканадан 1037 адам дарыланып кетти. Ушул тапта дарыланып жаткан 267 кишинин ичинен 30га жакыны соттолгондор жана кылмышка шектүү катары кармалгандар.

Оорулууларды 320 кызматкер карайт. Аларды басымдуу бөлүгү аялдар. Оорукана 1961-жылы негизделип, 8 бөлүмдөн турат. Анын №8 бөлүмүндө оор кылмыш кылгандардын психикалык абалы текшерилип, кароодон өткөрүү жана дарылоо үчүн жаткырылат. Бул эки кабат бөлүм өзүнчө жайгашып, тегереги тикен зым менен курчалып, ИИМдин атайын кызматы кайтарууга алган. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG