Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:03

Чүйдө 11 жаштагы кызды зордуктаган киши кармалды


Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосуновдун “Азаттыкка” билдиришинче, Панфилов районундагы Эфиронос айылында жолдо ойноп жаткан 11 жана 5 жаштагы эже-сиңдини балмуздак алып берем деп алдап, айылдын четине алып барып зордуктаган киши кармалды. Ал сиңдисин өлтүрүп салам деп коркутуп, 11 жаштагы кызды үч жолу зордуктаган. Окуя 24-июлда кечки саат бештер чамасында болгон. Кыздардын ата-энеси кечки саат тогузда тартип коргоо органдарына кайрылган.

Учурда 34 жаштагы кылмышка шектүү жаран кармалып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Ал азыр Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу тергөө абагында жатат. Кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG