Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:16

Өрттөн кийин уурдалган жазык иштин көлөмү аныкталды


Жогорку Cоттун басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиришинче, 30-июлга караган түнү болжол менен саат 03:28де беткапчан белгисиз эки адам Чүй облустук сотунун экинчи кабаттан киришип, судья А.Жумагуловдун эшигин талкалап, иш бөлмөсүндөгү сейфтен 8 томдон турган жазык иштин 6 томун уурдап, чыгып баратып өрт коюп кетишкен.

Алардын ичинде айыпталуучулар Юсупов Абдуллажан Абдувахопович, Шергазиев Азамат Абдыкадырович, Оморов Дастан Дуйшенбекович жана А. Акжолов менен Р. Жоробаевага байланыштуу кылмыш иштери, мындан тышкары 2010-жылдагы апрель окуясындагы мародерлук боюнча иш дагы болгондугу аныкталды. Ушул тапта 8 томдук иштин 2 тому гана сакталып калды.

Ички иштер органдарына судья А.Жумагуловдун иш бөлмөсүндөгү видео камеранын жазуусу жана коридордогу кылмышкерлердин мыйзамсыз иш аракеттери түшкөн видеожазуулар өткөрүлүп берилди.

Өрт коюу жана уурдоо фактысы боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Кылмыш кодексинин 164-беренеси жана 174-беренеси боюнча иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Мурунку башкы прокурор Байтемир Ибраев Кыргызстанда буга чейин деле кылмыш иштер өрттөлүп, уурдалып, белгисиз жагдайда жоголуп кеткен фактылар болгонун белгилеп, аны калыбына келтирүү оор деле болбосун “Азаттыкка” билдирген. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG