Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:41

Актер Токтобаевди коюп кеткен айдоочуга кылмыш иши козголду


Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев билдирди. Анын айтымында, Токтобаевди машинеси менен коюп кеткен айдоочуга Кылмыш кодексинин 281-беренесинин 2-бөлүгү боюнча (транспорт каражаттарынын кыймылын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) кылмыш иши козголуп, убактылуу тергөө абагына камалды.

Маалыматка караганда 27 жаштагы айдоочу Искусство академиясынын бүтүрүүчүсү, Чүй облустук театрында иштеп, кийин башка жумушка өтүп кеткен.

Кечээ түшкү саат экиде Анкара жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде өз унаасын жол жээгине токтотуп коюп, жолдон өтүп бараткан актерду машине коюп кеткен. Ал 4-травматологиялык ооруканада көз жумду. Кыргыз эл артисти, белгилүү актер Мукамбет Токтобаев "Фудзиямадагы кадыр түн", "Чиркин өмүр", "Айыл өкмөтү", "Сокур кемпир көрөгөч". "Президент менен бомж" ж.б. тасмаларга тартылып, Ош, "Тунгуч" драма театрларында жана Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында иштеген. Ал 68 жашта болчу. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG