Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Боом капчыгайында Үркүндүн курмандыктары эскерилет


Үркүн курмандыктарына орнотулган эстелик
Үркүн курмандыктарына орнотулган эстелик

Бул тууралуу “Азаттыкка” мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында, эртең капчыгайда куран окулуп, эскерүү чаралары жасалат. Анда 12 пункттан турган Боом декларациясы кабыл алынат.

Декларацияда эң негизи маселе катары Үркүндү Орус падышалыгы тарабынан болгон кыргын деп таануу, Улуттук боштондук кыймыл же козголуш деп айтуу жана эстелик куруу каралган.

Үркүндүн 100 жылдыгын утурлай уюштурулуп жаткан иш-чарага өкмөт мүчөлөрү, депутаттар, коомдук ишмерлер катышат. (AzK)

XS
SM
MD
LG