Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

"Талибандын" жаңы лидерине карата кыймыл ичинде келишпестиктер бар


Ахтар Мансур "Талибанга" жетекчиликке дайындалышы экстремисттик бул кыймылдын ичинде каршылыктарга кабылганын молдо Омардын жардамчысы айтып чыкты. Ахтар Мансур Талибан бийликте турган 1996-2001-жылдары авиация министринин милдетин аткарып турган. Ал молдо Омардын өлгөнү тастыкталган соң кечээ "Талибандын" жаңы лидери деп жарыяланган.

Талиб бийлигинин тушунда Кандагардын губернатору болуп турган Мухаммад Рахманинин "Азаттыктын" ооган кызматына айтышынча, Мансурду Талибандын ичиндеги анча чоң эмес топ аскерий чоң жетекчилердин каршылыгына карабай башчылыкка дайындап койгон. Рахмани өзү жана санааалаштары лидерликке молдо Омардын 23 жаштагы уулу Мавлави Якуб келишин каалашканын, бирок Мансурдун жактоочулары аны кыймылды жетектөөгө даяр эмес деп тапканын кошумчалаган.

Ооган өкмөтү "Талибандын" лидери молдо Омар эки жыл мурда өлгөнү аныкталганын мурдагы күнү жарыялаган. Мындан соң "Талибан" да аны тастыктоого аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG