Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:50

Түркия күртчүл оппозиция лидерине иш козгоду


Селахиттин Демирташ
Селахиттин Демирташ

Элдик-демократиялык партиянын лидери Селахиттин Демирташ 2014-жылдын октябрында ондогон адамдарды өлүмгө алып келген нааразылык акциялар учурунда элди курал алууга чакырган деп айыпталууда. Эгер иликтөөлөр сотко жетип, күнөөлүү деп табылса аны 24 жылга чейинки абак жазасы күтүшү мүмкүн.

Мунун алдында Демирташ AFP агенттигиндеги маегинде Түркиянын "Ислам мамлекети" тобуна каршы операциясын спектакль деп атап, чынында ал Күрдистан жумушчу партиясына багытталганын айткан. Түркия соңку күндөрү Сирия менен чектешкен аймагында "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы катуу операция баштаганын жарыялаган.

42 жаштагы Селахиттин Демирташ жетектеген партия Түркияда өткөн айдагы парламенттик шайлоодо 10 пайыздык босогодон өтүп, 13 пайыз добуш менен парламентке келген.

XS
SM
MD
LG