Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

Сириядагы ИМдин жабыттарына абадан сокку урулду


Ирак аскерлери Анбар университетинин чатырынан түшүрүлгөн ИМдин желеги менен, 26-июль, 2015-жыл.
Ирак аскерлери Анбар университетинин чатырынан түшүрүлгөн ИМдин желеги менен, 26-июль, 2015-жыл.

АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн аба соккусу Сириянын Ирак менен чек арасына жакын Абу-Кемаль шаарында "Ислам мамлекети" тобу көзөмөлдөгөн аймактагы стратегиялык маанидеги эки көпүрөнү кыйратты. Бул тууралуу Улуу Британияда жайгашкан Сириянын адам укуктары боюнча борбору кабарлады.

Абу-Кемалга аба соккусу урулганын Пентаогон да тастыктады. АКШ коргоо министрлигинин жогорку даражадагы өкүлү бул кыйроолор экстремисттик уюмдун Ирактын Анбар аймагына сокку берүү мүмкүндүгүнө кадимкидей таасир этерин билдирди.

"Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери Абу-Кемал менен ага жакын чек ара өткөөлүн былтыр июлда ээлеп алган. Кыйраган көпүрөлөр аталган шаар менен Ирактын чек арасын байланыштырып турган.

XS
SM
MD
LG