Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:38

Пакистанда "Хаккани" тобунун негиздөөчүсү өлгөнү кабарланууда


Ооганстан -- "Хаккани" тобунун кармалган мүчөлөрү. Хост, 5-февраль, 2012
Ооганстан -- "Хаккани" тобунун кармалган мүчөлөрү. Хост, 5-февраль, 2012

Пакистан маалымат каражаттары "Талибандагы" атын айтпаган булактарга таянуу менен "Хаккани" согушкер тобунун негиздөөчүсү Жалаледдин Хаккани өлгөнүнө бир жыл болуп калганын кабарлады. 31-июлда белгилүү болгон кабарга караганда, ал өз ажалы менен эле өлүп, сөөгү Ооганстандагы Хост провинциясына коюлган.

Экстремисттердин башын бириктирген "Хаккани" тобу Ооганстан менен Пакистандын чек аралаш аймактарында иш жүргүзөт, "Талибан" менен тыгыз байланышта. Топ 1980-жылдары Ооганстандагы советтик аскерлерге каршы күрөшүү максатында негизделген.

Бул уюмдун азыркы лидери Жалаледдиндин уулу Сиражиддин Хакканини кармагандар үчүн АКШ он миллион доллар сыйлык жарыялаган.

Хакканинин өлгөнү тууралуу кабарлар ооган талибдери лидери молдо Омар эки жыл мурда өлгөнүн тастыктаган соң чыгууда.

XS
SM
MD
LG