Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:53

Абактагы 309 адам мунапыска илиниши мүмкүн


“Мунапыс жөнүндө” мыйзамдын негизинде 309 материал прокуратурага өткөрүлдү. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Эленора Сабатарованын “Азаттыкка” билдиришинче, жаза өтөөнүн төрт түрү боюнча мунапыс берүү каралууда. Мыйзамдын негизинде мунапыс аялдарга жана жашы жете электерге гана тиешелүү.

Сабатарова кошумчалагандай, мунапыс менен эркиндикке чыккандар тууралуу ички иштер бөлүмдөргө маалымат берилет. Каттоодо турган жерине жараша жергиликтүү бийлик аларды ишке орноштуруу маселесин караштырмакчы.

Ушул жылдын 26-июнунда президент Алмазбек Атамбаев сот жообуна тартылгандар боюнча кезектеги "Мунапыс жөнүндө" мыйзамга кол койгон. (SDz)

XS
SM
MD
LG