Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:32

Франция “Мистраль” боюнча сүйлөшүү бүткөнүн тастыктаган жок


Франция 31-июлда Орусиянын басылмалары жазып чыккан “Мистраль” согуштук кемелерине байланыштуу сүйлөшүүлөрдө бир чечим кабыл алынганы тууралуу маалыматты тастыктаган жок. France-Presse агенттиги азырынча Елисей сарайы келишимди жокко чыгаруу тууралуу маалыматты тактай электигин жазат.

31-июлда “Коммерсант” гезитинин маалыматында “Мистраль” боюнча Орусиянын вице-премьер-министри Дмитрий Рогозин жана Франциянын коргоо боюнча башкы катчысы Луи Готье ортосунда сүйлөшүүлөр жүргөн. Анда Франция келишимдеги чыгашага 1 млрд. 160 млн. евро төлөп каларын жазган.

Эл аралык RFI радиосунун сайтында Орусия менен Франциянын талашынан улам Франция ыңгайсыз абалга кептелгени жазылган. Бир тарабынан Франция экономикалык кызыкчылыктарды өнүктүрүүгө дилгир болсо, экинчи жагынан Москваны Украинадагы кризис боюнча позициясын өзгөртүүгө чакырган.

Москва Крымды аннексиялаганына жана Украинанын чыгышында жикчилдерди колдоп жатканына байланыштуу былтыр күздө Франция Орусияга эки “Мистралдын” алгачкысын жөнөтүүнү убактылуу токтоткон.

“Мистраль” кемеси 16 тик учак, 13 танк, десанттар сууга түшүрүлүүчү төрт кайык жана 400дөн ашуун аскер салып жүрүүгө жөндөмдүү. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG