Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:54

Бүгүнтөн баштап электр жарыгы кымбаттады


Отун-энергетика тармагын жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Нурбек Элебаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүнкү күндөн баштап электр баасы 10 пайызга көтөрүлдү. Жаңы тариф боюнча жөнөкөй тургундар 700 киловатт саатка чейин 77 тыйын, андан ашык электр энергиясына 2 сом 16 тыйындан төлөшөт. Ал эми өндүрүш ишканалар жана калган керектөөчүлөрдүн баары 2 сом 24 тыйындан төлөйт. Элебаев кошумчалагандай, жаңы тарифте бийик тоолуу аймактарга электр жарыгын колдонуу 300 киловаттка көбүрөөк берилип жатат. "Натыйжада 1000 киловаттан ашык колдонулса 2 сом 16 тыйындан төлөй баштайт", – деди Элебаев.

Буга чейин өкмөт электр энергиясы жана жылуулукка тарифти 20% көтөрүүнү, социалдык бааны 84 тыйын деп чечкен. Бирок президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө тариф саясатын кайра карап чыгууну сунуштаган эле. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG