Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:39

Кыргыз-өзбек чек ара сүйлөшүүлөрү үзгүлтүккө учурады


Чек ара маселеси боюнча Ташкентте өтө турган Кыргызстан менен Өзбекстандын сүйлөшүүлөрү болбой калды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Бул маселе боюнча Өзбекстандын элчиси Комил Рашидов ТИМге чакырылды. Элчиге эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң Кыргызстандан эксперттердин тобу Ташкентке учуп кеткени түшүндүрүлүп, өзбек тарап жолугушуунун форматы боюнча өзгөртүүнү, Кыргызстандын курамы бекигенден кийин киргизгени айтылды.

Жолугушууда эки өлкөнүн чек ара бекеттериндеги өткөрүү пункттарын жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрмөк.

Кыргызстандын ТИМи эки тараптуу алаканы оң жагына чечүүгө, көрүлүп жаткандар чек арага чектеш аймактагы элдин жашоосун жакшыртууга болгон аракеттер экенин маалымдады. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG