Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:40

SCAT учагында кырсыкка кабылгандарга эстелик тургузулду


29-январь, 2013-жыл

29-январь, 2013-жыл

Казакстандын Кокшетау шаарында SCAT авиакомпаниясынын учагында кырсыкка учурагандарга эстелик ачылганын Tengrinews агенттиги билдирди. Эстеликтин ачылыш аземине каза болгондордун туугандары, достору жана шаардык акимчиликтен, депутаттар жана облустук маслихаттан өкүлдөр катышты.

Кокшетаудан Алматыга сапар алган SCAT авиакомпаниясынын учагы 2013-жылы Алматынын аба майданына коноор алдында кырсыкка учураган. Натыйжада экипаждын 5 мүчөсүнөн тышкары 16 жүргүнчү каза болгон эле. Алардын ичинде 2 жаштагы наристе да бар болчу.

SCAT авиакомпаниясынын маалымат катчысы Виктория Ульянова маркумдун туугандары менен компаниянын өкүлдөрү бир чоң үй-бүлөгө айланганын айтты. Балдар асманга көк түстөгү шарды учуруп, 21 шам жагып эскергенин Tengrinews агенттиги кошумчалайт. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG