Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:13

БУУ: Армениянын калкы 2100-жылга чейин 1,8 миллионго азаят


Бириккен улуттар уюму 2100-жылга чейин бүткүл дүйнөнүн жана айрым өлкөлөрдүн болжолдуу демографиялык абалын иликтеген докладын жарыялады. Ага ылайык учурда 3 миллиондон ашык калкы бар Арменияда 50 жылдан кийин 2,7 млн., ал эми 85 жылдан кийин 1,8 миллион адам каларын айтып чыкты.

Армениянын улуттук статистикалык кызматынын маалыматына ылайык, мамлекет жарым жылда 5 миңден ашык адамын жоготкон. Бул көрүнүшкө негизинен терс миграциялык сальдо өз таасирин тийгизген.

6 ай ичинде балдардын төрөлүүсү 2,7 пайызга азайса, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 18 719га аз экени байкалган. Ошол эле учурда адамдын өлүмү боюнча көрсөткүч да 0,9 пайызга төмөндөгөн. Натыйжада мамлекеттеги адам санын көбөйүшү бир жыл мурункуга салыштырмалуу 8,6 пайызга азайган. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG