Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:44

Чаткалдагы кен казуучу эки компаниянын иши тергелет


Бул тууралуу "Азаттыкка" райондук экологиялык техникалык инспекция бөлүмүнүн башчысынын орун басары Адылбек Алымов билдирди. Өткөн айда райондогу "Чаткал 17", "Альянс", "Эвентус" кен казуучу компаниялар текшерилген. Натыйжада талаптарды сактабай, эреже бузган эки компаниянын ишин текшерүү өтүнүчү тартип коргоо органдарына жиберилди.

Компанияларга жыйырма беш пункттан турган талаптарды аткаруу тапшырмасы берилген. Ушул айда да кен казган сегиз компания текшерүүгө алынат. Чаткал жана Ала-Бука райондорунда кен казууга кырктан ашык компания лицензия алса, учурда 32си иштеп жатат. Алардын 25и чет элдик ишканалар. (RsK)

XS
SM
MD
LG