Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:24

“Эмгек” Азия чемпиондугунда чейрек финалга чыкты


Кыргызстандын футзал боюнча чемпиону, Бишкектин “Эмгек” клубу Азия чемпиондугунун финалдык бөлүгүндө оюндарын ийгиликтүү баштап, алгачкы жолу Азия чемпиондугунун чейрек финалына чыкты. Кыргызстандын Футбол федерациясынын маалымат катчысы Теңгелбес Мусаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Азиянын он эки өлкөсүнүн чемпиондору катышкан Азия чемпиондугу 31-июлда Ирандын Исфахан шаарында башталды. “Эмгек” клубу Жапониянын “Нагоя Оушенс” жана Өзбекстандын “Локомотив” клубдары менен биргеликте “В” тайпасында ойноодо.

1-августта “Эмгек” менен “Локомотив” клубдары беттешип бул оюн 8:3 эсебинде бишкектиктердин пайдасына аяктады. Буга чейин тайпалык тандоонун 1-турунда өзбекстандык оюнчуларды жапониялыктар 5:3 эсебинде утуп алышкан эле.

Ошентип 2 турдагы оюндардын жыйынтыгында “Нагоя Оушенс” жана “Эмгек” клубдары эсептериндеги үчтөн упайлар менен плей-оффко чыгууга мүмкүнчүлүк алышты. “Локомотив” эки оюнда женилгендиктен байге үчүн жарыштан четтеди.

Бүгүн Кыргызстан менен Жапониянын чемпион клубдары беттешип, тайпада 1-орунду алуу үчүн таймашышат. Футзал боюнча Азия чемпиондугунун оюндары 7-августка чейин созулат. (ECh)

XS
SM
MD
LG