Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:40

Киев: жикчилдер оор техника менен аткылап жатышат


Украинанын чыгышында жикчилдер Донецк аэропортун жана калк жашаган Опытное, Авдеевка, Пески аймактарын тынымсыз аткылоодо. Бул тууралуу Украинанын Президенттик админстрациясынын атайын операциялар боюнча маалымат катчысы Андрей Лысенко билдирди.

Маалыматка ылайык, Марьинкада согуш уланууда. Ал эми Красногоровки жана Николаевки-2деги атышууларда жикчилдер келишимди бузуп, оор техникалар менен аткылап жатышат.

Буга чейин Лысенко Украинанын куралдуу кагылыш жүрүп жаткан аймакта акыркы эки сутка ичинде украин армиясынын эки жоокери каза болуп, 14ү жаракат алганын кабарлаган. Мындан тышкары дагы 3 жай тургун жаракат алганы маалымдалган.

Артиллериялык ок атуулар калк жыш жайгашкан Горловка шаарынан чыкканы Минск келишимин гана бузбастан, аскердик кылмыш катары дагы сыпатталды.

Өз кезегинде өздөрүн "Донецк элдик республикасы" деп жарыялап алган жикчилдер украин жоокерлерин айыптап чыкты. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG