Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

“Эмгек” Азия чемпиону “Нагоя Оушенс” менен тең чыкты


"Эмгек" футзал клубунун оюнчулары. 2-август, 2015-ж. Исфахан шаары, Иран.
"Эмгек" футзал клубунун оюнчулары. 2-август, 2015-ж. Исфахан шаары, Иран.

Бишкектин “Эмгек” футзал клубу ушул күндөрү Ирандын Исфахан шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда тайпалык оюндарда биринчи орунду ээлеп, чейрек финалга жолдомо алды. Кыргызстандын футбол федерациясынын маалымат катчысы Теңгелбес Мусаевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, 2-августта тайпалык оюндардын акыркы беттеши болгон. Бул күнү бишкектиктер учурдагы Азия чемпиону Жапониянын “Нагоя Оушенс” клубу менен беттешкен.

Оюндун биринчи таймынын орто ченинде “Эмгек” тараптан Рустам Эрмеков эсепти ачкан. 4 мүнөттөн кийин жапондор тараптан Родриго Сержиньо эсепти теңеп командалар 1:1 эсебинде тең чыгуу менен эс алууга кетишкен. Бул жыйынтыкка макул болбогон жапондор 2-тайм бүтөөрүнө 4 мүнөт калганда Каоринин аракети менен атаандаш дарбазасына ийгиликтүү сокку жасап, алдыга чыгышкан. Беттештин акыркы мүнөттөрүндө Рустам Гафуров эсепти теңөөгө үлгүрүп, оюн 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Бул тең чыгуу менен Бишкектин “Эмгек” клубунун оюнчулары киргизилген топтордун айырмасында “В” тайпасында биринчи оруну алып, кыргыз футзалынын тарыхында алгачкы жолу чейрек финалга чыгууга мүмкүнчүлүк алышты.

Тайпада экинчи орунга ээ болгон “Нагоя Оушенс” клубунун оюнчулары дагы плей-оффко жолдомо алышты. Аталган клуб 2011-жылы жана 2014-жылы бул турнирде чемпион болгон.

“В” тайпасында ойногон дагы бир команда Өзбекстандын чемпиону “Локомотив” клубунун оюнчулары Азия чемпиондугунун тайпалык беттештеринде “Эмгек” клубуна 8:3, “Нагоя Оушенске” 5:2 эсебинде жеңилип, байге үчүн таймаштан четтеп калды. Чейрек финалда “Эмгек” оюнчулары “А” тайпасында экинчи орун менен чейрек финалга чыккан Кувейттин Qadsia клубу менен беттешет. Футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугунун оюндары Ирандын Исфахан шаарында 7-августка чейин созулат. (ECh)

XS
SM
MD
LG