Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Искандаров: "Ар бир мамлекет делегация курамын өзү аныктайт"


Чек араларды тактоо боюнча кыргыз өкмөтүнүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаровдун “Азаттыкка” ырасташынча, чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө Өзбекстан өзү кыргыз делегациясын чакырып алып, бирок сүйлөшүүлөргө даяр эмеспиз деп баш тартышкан.

“Өзбекстан биз сунуштаган кишилер менен гана сүйлөшөбүз дейт. Ар бир мамлекет жумушчу топ болобу, делегация болобу кимди жөнөтөрүн өзү билет. Бир мамлекет экинчи мамлекетке киши тандап талап кое албайт,- деп айтты К. Искандаров. - Алар жөнөкөй чек арачыларды чакырып алып, анан бир нерсенин башын кылтыйтмак. Анан мени көрүп чочуп, мындай жогорку деңгээлде сүйлөшүүгө макул эмеспиз деп, келбей койду”.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланган маалыматка караганда, чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр эксперттик жолугушуу форматында гана болору мурда эскертилген. Ошондуктан делегация курамын өзгөртүү талабын Кыргызстан тарап аткарбай койгон соң Өзбекстан сүйлөшүүлөр жүргүзүүдөн баш тартканы билдирилген.

29-июлда боло турган жолугушууда эки өлкөнүн чек ара бекеттериндеги өткөрүү пункттарын жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрмөк. Бирок ал үзгүлтүккө учураган.(AzK)

XS
SM
MD
LG